УКМК Шадиевди кармоого АКШдан көмөк сурады

УКМК Шадиевди кармоого АКШдан көмөк сурады

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Аскарбек Шадиевди кармоого көмөктөшүү өтүнүчү менен АКШнын Бишкектеги элчилигине кайрылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, АКШда жашырынып жүргөн Аскарбек Шадиевди кармоого АКШнын компетенттүү мамлекеттик органдары тарабынан көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 25-февралда АКШ элчилигине расмий түрдө кайрылган.

Белгилей кетсек, 2018-жылы Башкы прокуратура мурунку биринчи вице-премьер Аскарбек Шадиевге карата Кылмыш-жаза кодексинин “Кызматынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

Шадиев кылмыш иши козголгондон кийин эле өлкөдөн чыгып кетип, издөөдө жүрөт.

Кийин Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту аны сыртынан соттоп, 13 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>