Улуттук банк 23-апрелге карата сомдун расмий курсун жарыялады. Бул тууралуу маалымат жөнгө салуучу органдын сайтында жайгаштырылган.
Жаңыланган маалыматтарга караганда, рублдин сомго карата курсу 3,37%га бекемделди. Ошентип, рубль сомго караганда 1,0088 сомго бааланууда. Сом долларга жана теңгеге карата дээрлик ушундай эле пайызга төмөндөп, тиешелүүлүгүнө жараша 0,62%га – 80,8651 сомго жана 0,61%га – 0,1821 сомго чейин төмөндөдү.