«Рух Санат» – дүйнөлүк салттуу маданият бир сахнада
1–3-августта Чолпон-Атадагы «Рух-Ордо» маданий борборунда дүйнөлүк салттуу маданият жана музыка фестивалы өтөт. Анын башкы режиссёру Алтынбек Максүтовдун айтымында, бул иш-чара 30дан ашуун өлкөнүн маданиятын бир сахнада көрүүгө жана терең руханий тажрыйба алууга мүмкүнчүлүк берет.

Фестиваль заманбап эстрададан айырмаланып, кылымдарды карыткан жандуу үн, элдик обон, бешик ыр, кошок, күү жана улуттук ырым-жырымдарга басым жасайт. Программа кыргыз обряддарын көрсөтүүчү аянттардан, комуз формасындагы пирстен, подкаст-зонадан, улуттук инсталляциялардан жана кечки чоң концерттерден турат.
Кечки саат 20:00дөн 22:00гө чейин дүйнөлүк аткаруучулар жандуу музыка тартуулап, LED-экрандар, лазердик шоу жана күчтүү үн жабдыктары менен коштолгон өзгөчө атмосфера жаратат. Кирүү акысыз.