Садыр Жапаров 11-12-мартта Өзбекстанга мамлекеттик сапар менен барат

Садыр Жапаров 11-12-мартта Өзбекстанга мамлекеттик сапар менен барат

Садыр Жапаров 11-12-мартта Өзбекстанга мамлекеттик сапар менен барат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш сапардын алкагында Садыр Жапаров Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Анда мамлекет башчылары эки жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле мындан аркы өнүгүүнүн жана натыйжалуу өз ара алака түзүүнүн келечегин талкуулашат.

Ошону менен бирге иш сапардын жүрүшүндө Садыр Жапаровдун Өзбекстандын Олий Мажлисинин Сенатынын Төрайымы Танзила Нарбаева, Олий Мажлистин Мыйзам чыгаруу палатасынын төрагасы Нурдинжон Исмоилов жана Өзбекстандын Премьер-министри Абдулла Арипов менен эки тараптуу жолугушуулары пландаштырылууда.

Мындан тышкары, соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү максатында алдыдагы иш сапардын алкагында кыргыз-өзбек бизнес форумун да өткөрүү пландалууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>