Садыр Жапаров 2030-жылга чейин Кыргызстанды өнүктүрүүнүн улуттук программасын бекитти

Садыр Жапаров 2030-жылга чейин Кыргызстанды өнүктүрүүнүн улуттук программасын бекитти

Бүгүн, 11-июнда өлкө башчы Садыр Жапаров өлкөнү орто мөөнөттүү өнүктүрүүгө багытталган маанилүү документке — 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасына кол коюп, бул жараянга байланыштуу кыргызстандыктарга расмий кайрылуу жасады.

Мамлекет башчысы бул программаны өлкөнүн негизги багыты, туруктуу өсүштү камсыздоочу, жарандардын жашоо сапатын жакшыртууга жана руханий баалуулуктарды бекемдөөгө багытталган стратегиялык кадам катары сыпаттады.

«Программа системалуу жана бир бүтүн ыкмага негизделип, мамлекеттин өнүгүшүнүн бардык негизги багыттарын камтыйт. Социалдык саясатка, жашоо деңгээлин жогорулатууга, билим берүүнү өнүктүрүүгө, саламаттыкты сактоого жана адамдык капиталды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулган»,- деп билдирди ал.

Программа төрт негизги өнүгүү векторуна таянат:

  1. Индустриялаштыруу – заманбап, диверсификацияланган өнөр жай базасын түзүү;
  2. Региондук хаб – Кыргызстандын геостратегиялык абалын логистикалык борбор катары пайдалануу;
  3. Айыл чарба жана туризм – экологиялык таза продукция жана кирешелүү туризмди өнүктүрүү;
  4. Жашыл энергетика – гидро жана кайра жаралуучу энергия булактарына басым жасоо.

Өнүктүрүү программасында 2030-жылга чейин коюлган негизги максаттар:

  • ИДП көлөмүн 30 миллиард долларга жеткирүү;
  • Жан башына ИДПны 4 миң 500 долларга жогорулатуу;
  • ИДПнын орточо жылдык реалдуу өсүү темпин 8%дан кем эмес деңгээлде камсыз кылуу;
  • Адамдык өнүгүү индексинде кеминде 10 позицияга көтөрүлүү;
  • Өлкөнү туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашырган алдыңкы 30 өлкөнүн катарына киргизүү.

Президент белгилегендей, бул программа мурдагы 2026-жылга чейинки өнүгүү программасынын жыйынтыгында түзүлгөн жаңы деңгээл болуп эсептелет. Эми мамлекет жөн гана кагаз жүзүндөгү пландардан реалдуу натыйжаларга өтүүнү максат кылат.

Президент бул программанын ийгилиги жарандардын биримдигие, кенменгерлигине жана  салым кошууга даярдыгына көз каранды экендигин айтып, алдыда өлкөнүн келечегин аныктап берген жаңы этап ачылганын билдирди.

“Биз алдыга ишеним, чечкиндүүлүк жана так максат менен баратабыз – ар бир жараны өзгөрүүнү сезген күчтүү, беделдүү жана гүлдөгөн өлкөнү курабыз”,- деп белгиледи мамлекет башчысы.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>