Садыр Жапаров АКШнын атайын өкүлү Серджио Горду кабыл алып, кызматташтык маселелерин талкуулады

04.02.2026 | 15:06

Бүгүн, 4-февралда, өлкө башчы Садыр Жапаров менен АКШнын Түштүк жана Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү Серджио Гор эки өлкө ортосундагы саясий жана экономикалык кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле тараптар транспорт, санариптештирүү, финансылык технологиялар, жасалма интеллект жана саламаттыкты сактоо тармактарындагы өз ара аракеттүү тууралуу сүйлөшүштү.

Садыр Жапаров Кыргызстан АКШ менен өз ара пайдалуу жана тең укуктуу негизде кызматташууга даяр экенин белгиледи. Ал соода-экономикалык жана инвестициялык байланыштарды өнүктүрүү өлкөнүн тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенине токтолду.

Өлкө башчв Бишкек шаарында ишин баштаган “B5+1” экинчи бизнес-форумунун маанисин белгилеп, бул аянтча кызматташтыкты кеңейтүүгө жана аймактык байланышты чыңдоого өбөлгө түзөрүн билдирди. Ошондой эле Кыргызстан “C5+1” платформасынын алкагында кызматташууну улантууга кызыкдар экенин айтты.

Атайын өкүл Серджио Гор АКШнын Президенти Дональд Трамптын саламын жеткирип, Америка Кошмо Штаттары Кыргызстан менен бардык багыттар боюнча кызматташууга даяр экенин билдирди. Ал ошондой эле “B5+1” форумуна катышуу үчүн АКШнын ири бизнес делегациясы келгенин айтып, бул эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү үчүн жакшы негиз болорун айтты.

Scroll to Top