Садыр Жапаров Астанага иш сапары менен кетти (делегациянын курамы)

Садыр Жапаров Астанага иш сапары менен кетти (делегациянын курамы)

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-июлда Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине катышуу үчүн иш сапары менен Астанага (Казакстан) жөнөп кетти. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

4-июлда өтө турган саммитте ШКУга мүчө өлкөлөрдүн башчылары уюмдун алкагында кызматташууну, аймактык жана эл аралык саясаттагы маселелерди талкуулашат. Жолугушуунун жыйынтыгында Астана декларациясына кол коюлат.

ШКУнун алкагында Садыр Жапаров Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин жана Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух менен жолугушуу өткөрөт.

Расмий делегациянын курамы:

— тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

— президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;

— Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Дастан Дүйшекеев;

— президенттин Иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев;

— Тышкы иштер министрлигинин өзгөчө тапшырмалар боюнча элчиси, Кыргызстандын ШКУдагы улуттук координатору Казыбек Кочконов.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>