Садыр Жапаров Бишкек жана Оштун мэрлеринин иш-аракетин сындады

Өлкө башчы Садыр Жапаров түнкү саат 22:00дөн кийин коомдук жайлардын иштешине тыюу салуу боюнча жүргүзүлгөн рейдге байланыштуу Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерин сындады. Бул тууралуу ал өзүнүн соцтармагында билдирди.
Өлкө башчы электр энергиясын үнөмдөө жана тынчтык мыйзамын аткарууну камсыздоо боюнча тапшырманы мэрлер “ашкере аткарып жибергенин” билдирди.
Жапаров кайрылуусунда тынчтыкты бузган, ызы-чуу салгандар чогулган түнкү клубдар, түн бир оокумга чейин иштеген, 200дөн 800гө чейин киши чогулган тойканаларды иреттеп, мыйзамдын чегинде көзөмөлдөө тапшырылганын айтты.
“Ал эми силер болсо тамактануучу кафелерди, KFC сыяктуу тез татым жайларын да жаап, тынч отурган элди кубалап чыгарууга чейин барыпсыңар. Рейд маалында бизнес ээлерине орой мамиле жасап, жарыгын өчүрүп, суусун токтотууга тапшырма берипсиңер! Мындай кылбагыла, токтоткула андай аша чапканды”,- деп билдирди.
Өлкө башчы электр энергиясын үнөмдөөнү биринчи кезекте түнү бою жарыгын күйгүзүп таштап кеткен мамлекеттик ишканалардын имараттарын жана “мамлекет төлөйт” деп кайдыгер мамиле жасаган жетекчилерди катуу көзөмөлдөөнү тапшырды.
“Ал эми тынч иштеп жаткан кичи жайларга барып, алардын тынчын алчу болбогула!”-деди ал.
Эске салсак, кечээ, 13-ноябрдын, кечинде Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери шаарларда рейд жасап, түнкү саат 22:00дөн кийин иштеген коомдук жайларды текшеришкен. Анда электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу жана “Тынчтык жөнүндө” мыйзамдын талаптарын сакталышы текшерилген.
Бишкек мэри Айбек Жунушалиев айрым коомдук жайларга айып пул салган. Ал эми Ош мэри Жеңишбек Токторбаев тиешелүү токтомдорду аткарбаган кафе-ресторандарды бир айга жабуу тапшырмасын берген.