Садыр Жапаров БУУдагы сөзүндө Батышты Кыргызстанга салган санкциялары үчүн сындады

24.09.2025 | 09:45

Президент Садыр Жапаров 23-сентябрда Нью-Йорк шаарында өткөн БУУнун Башкы ассамблеясынын 80-сессиясынын жалпы дебаттарында сөз сүйлөп, Батышты Кыргызстанга салган санкциялары үчүн сынга алды.

«Негизсиз санкцияларды өлкөнүн ички иштерине кийлигишүү катары жана жаңыдан бутуна туруп келе жаткан экономикабызды төбөсүнөн ылдый басуу деп баалайбыз», – деп билдирген өлкө башчы өз сөзүндө.

Анын айтымында, Кыргызстан экономикасын өз алдынча чыңдоого күч үрөп, аракеттенип келет. Ошондой эле өлкө өзүнүн эл аралык милдеттенмелерин ар дайым так аткарып келген жана аткара берет.

Садыр Жапаров Кыргызстанга карата жарыяланган санкциялар айрым бейөкмөт уюмдар жана кара ниет жарандар тарабынан жайылтылган жалган маалыматтарга негизделгенин ырастаган. Буга байланыштуу мамлекет банктардын ишмердүүлүгүн кылдат текшерттирүү үчүн көз карандысыз эл аралык аудиттерди кабыл алууга даяр экенин айткан.

Мындан тышкары өлкө башчы Европа Бирлигинин өлкөлөрү, анын ичинде Кыргызстанга санкция салган Британия өзү Орусия менен кенен соода жүргүзүп жатканын билдирген.

“2024-жылы Европа Бирлигинин өлкөлөрү Орусия менен 141 млрд долларга соода жүргүзсө, анын 36 млрд доллары Орусиядан импорттолгон товарлар болгон. Ал эми биздин 2 банкка каршы санкция жарыялаган Британиянын өзү 2024-жылы Орусия менен 2,2 миллиард долларга соода жүргүзгөн. Ачык айтканда, кимдир бирөөлөр өз алдынча кызматташуу мүмкүнчүлүгүн өзүмчүлүк менен өзүнө калтырып, өз кызыкчылыктарын коргоп, башкаларга тыюу салган. Бизге Орусия менен кызматташпагыла деген талап коёсуңар дагы өзүңөр кеңири кызматташып жатасыңар. Бизди силерге караганда Орусия менен көптөгөн экономикалык байланыштар бириктирип турат. Ошондуктан экономикалык жактан алганда Орусия менен кызматташпай коё албайбыз”,- деген өлкө Садыр Жапаров. 

Өз сөзүндө өлкө башчы башкалар менен тирешүүнү каалабастыгын жана дээрлик бардык өлкөлөр менен кызматташып, көп багыттуу саясат жүргүзүп жатканын кошумчалаган. Ошондой эле анын милдети жарандардын жана өлкөнүн коопсуздугун камсыз кылып, экономикалык абалын жогорулатуу экенин белгилеген.

Scroll to Top