Президент Садыр Жапаров 3–4-июль күндөрү Азербайжан Республикасынын Ханкенди шаарында өтө турган Экономикалык кызматташтык уюмунун (ЭКУ) мүчө мамлекеттеринин башчыларынын 17-саммитине катышуу үчүн иш сапары менен барат. Бул тууралуу Президенттин Администрациясынын Тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Абдумуталип билдирди.
Саммиттин негизги темасы — «Ишенимдүү жана климаттык жактан туруктуу келечек үчүн ЭКУнун жаңы көз карашы» болуп саналат.
Иш-чарага ЭКУнун мүчө өлкөлөрү — Афганистан, Азербайжан, Иран, Пакистан, Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Түркия жана Түркмөнстандын мамлекет жана өкмөт башчылары катышат.
Саммиттин алкагында тараптар климаттын өзгөрүшүн алдын алуу, регионалдык кызматташтыкты бекемдөө жана уюмдун күн тартибиндеги башка актуалдуу маселелерди талкуулашат.
Ошондой эле иш сапардын жүрүшүндө Азербайжандын Агдам районунда кыргыз тараптын демилгеси менен курулган «Айкөл Манас» мектебинин расмий ачылышы өтөт.