Садыр Жапаров чек арада курман болгон жоокерлердин эстелигин ачты

Садыр Жапаров чек арада курман болгон жоокерлердин эстелигин ачты
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-майда, «Ата-Бейит» Улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын коргоодо курман болгон аскерлерге арналган айкелди ачты.

Президенттик администрациянын маалыматына ылайык, президентти Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев жана башка расмий адамдар коштоп жүрүштү.

Аскер кызматкерлери эстеликтин жабуусун алгандан кийин Мамлекеттик гимн аткарылды. Мемориалга гүл коюудан кийин катышуучулар маркумдарды бир мүнөт унчукпай туруу менен эскеришти. Андан соң үч жолу ок атылды.

Мамлекет башчысы өлкөнүн мамлекеттик чек арасын коргоодо курман болгондордун элесине арналып тургузулган мемориалга гүл койду. Мындан кийин чогулгандар куран окушту.

Соңунда Садыр Жапаров баатырлардын туугандары менен баарлашып, алардын эрдиги кыргыз элинин эсинде түбөлүккө каларын белгиледи.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>