Садыр Жапаров чет мамлекеттердин БУУдагы туруктуу өкүлдөрүн кабыл алды

Садыр Жапаров чет мамлекеттердин БУУдагы туруктуу өкүлдөрүн кабыл алды

Өлкө башчы Садыр Жапаров бир катар чет мамлекеттердин Бириккен Улуттар Уюмундагы (БУУ) туруктуу өкүлдөрүн кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы Ангола, Белиз, Конго, Гана, Кения, Мальта, Маврикий, Мозамбик, Науру, Папуа — Жаңы Гвинея, Сент — Люсия, Руанда, Сенегалдын өкүлдөрү менен жолугушту.

Жолугушууда Садыр Жапаров БУУнун ролун эл аралык кызматташтыктын негизги механизми жана глобалдык чакырыктарга жамааттык жооп кайтаруу платформасы катары бекемдөөнүн маанилүүлүгүн белгилеген. Президент климаттын өзгөрүшүнө өзгөчө көңүл буруп, аларды айлана-чөйрөгө гана эмес, глобалдык коопсуздукка да коркунуч деп атаган.

Ошондой эле ал БУУга мүчө мамлекеттер менен өнөктөштүктү бекемдөөгө даярдыгын билдирген.

«Биз силердин өлкөлөр менен тыгыз кызматташууга даяр экенибизди билдиребиз. Биз экономикалык потенциалды өнүктүрүүгө, азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздукту камсыздоого, ошондой эле климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүгө багытталган аракеттерди колдойбуз», — деген Садыр Жапаров.

Жолугушуунун жүрүшүндө Туруктуу өкүлдөр жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстандын БУУнун ишмердүүлүгүнө кошкон салымын жогору баалашты жана өлкө коопсуздуктун жалпы коркунучтарына каршы турууну, туруктуу өнүктүрүүнү жана биологиялык ар түрдүүлүктү коргоону кошо алганда, негизги глобалдык маселелер боюнча активдүү позициясын көрсөтүп жатканын белгилешкен.

Алар Кыргызстан менен өз ара аракеттенүүнү көп тараптуу деңгээлде да, эки тараптуу форматта да тереңдетүүгө даяр экендиктерин билдиришкен.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>