Садыр Жапаров «Дастан» заводунда дрондорду өндүрүүнү ишке киргизүүнү тапшырды

03.04.2026 | 16:18

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров «Трансулуттук «Дастан» корпорациясы» ААКтын (Ачык акционердик коому) ишмердүүлүгү менен таанышып, учкучсуз аппараттарды өндүрүүнү ишке киргизүү маселесин иштеп чыгууну тапшырды. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирет.

Эскерте кетсек, «ТУК «Дастан» ААКтын ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарынын бири торпедалык курал-жарактарды өндүрүү болуп саналат.

Такталгандай, бул иш-чара өлкөнүн коргонуу-өнөр жай потенциалын бекемдөөгө, жогорку технологиялык тармактарды өнүктүрүүгө жана импорттон көз карандылыкты азайтууга багытталган.

Жапаров заманбап технологияларды киргизүү жана ата мекендик продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу зарылдыгын белгилеп, ошондой эле ишкананын өндүрүштүк кубаттуулуктарын, анын ичинде атайын продукция чыгаруучу линияларын карап чыкты.

Сапардын жүрүшүндө ишкананы мындан ары өнүктүрүү жана модернизациялоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

«ТУК «Дастан» ААК — электрондук, медициналык жана башка өнөр жай продукцияларын иштеп чыгуу жана өндүрүү менен алектенген көп тармактуу ишкана болуп саналат.

Scroll to Top