Садыр Жапаров: Эми шайлоонун кожоюну эл болот

02.10.2025 | 15:08

Кыргыз Республикасында жаңы шайлоо мыйзамы кабыл алынып, депутаттык шайлоолор таза өтүүсү үчүн маанилүү өзгөрүүлөр киргизилди. Бул тууралуу Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине берген маегинде билдирди.

Президенттин айтымында, башкы максат шайлоо жараянын ачык-айкын өткөрүү, мандат сатуу жана административдик ресурстарды колдонуу өңдүү мыйзам бузууларга бөгөт коюу.

«Мындан ары депутаттык мандаттар 100 миңден 1 миллион долларга чейин сатылбайт. Ар бир талапкер элдин ишеними менен гана өтөт», — деди Жапаров.

Жаңы мыйзамга ылайык:

Өлкө 30 шайлоо округуна бөлүндү;

Ар бир округдан 3 депутат шайланат;

Үчүнчү мандат гендердик теңчиликке ылайык аялдарга же эркектерге ыйгарылат;

Талапкерлерден 300 миң сом күрөө талап кылынат, ал шайлоону уюштурууга жумшалат жана кайтарылбайт;

Мамлекеттик кызматкерлер, мугалимдер, дарыгерлер талапкер болуу үчүн кызматын  тапшырууга тийиш.

Добуш берүү автоматташтырылган жана онлайн видеокөзөмөл каралган. Шайлоочулар каалаган аймактагы тилкеден добуш бере алышат, бул үчүн ID паспорт же «Түндүк» тиркемеси жетиштүү.

Жапаров добуш сатып алуу фактыларына элди көзөмөл жүргүзүүгө чакырып, мындай көрүнүштөрдү токтотууга жалпы коомдун активдүүлүгү зарыл экенин белгиледи:

«Биз таза шайлоо өткөрүү үчүн шарт түздүк. Эми эл өзү татыктууларды тандап, келечегин аныкташы керек», — деди ал.

Президент шайлоолорду таза өткөрүү — өлкөнүн өнүгүүсүнүн негизги шарты экенин белгилеп, “өз бала” эмес, чыныгы татыктуу талапкерге добуш берүү чакырыгы менен жарандарды активдүү катышууга үндөдү.

Scroll to Top