Садыр Жапаров Игорь Чудинов боюнча буйрукту жокко чыгарды

Садыр Жапаров Игорь Чудинов боюнча буйрукту жокко чыгарды

Мурдагы премьер-министр Игорь Чудинов “Курулуп жаткан электр станциялар” дирекциясынын башкы директорулугунан алынды. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзөв билдирди.

Анын айтымында, Садыр Жапаров бүгүн энергетика министри Таалайбек Ибраевдин Игорь Чудиновду дайындоо боюнча буйругун жокко чыгарды.

Таалайбек Ибраев Чудиновду кызматка алууда президентке маалымат бербегендиги үчүн эскертүү дагы алды.

Энергетика министринин башка буйругу менен аталган ишкананын башкы адиси Равшанбек Касымов “Курулуп жаткан электр станциялар” ААК дирекциясынын башкы директорунун милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Эскерте кетсек, Игорь Чудинов 6-май күнү жогоруда аталган кызматка дайындалгандыгы кечээ белгилүү болуп, анын мамлекеттик кызматка кайра келиши коомдо талкуу жаратты.

Мурдагы өкмөт башчысы Игорь Чудинов кайра кызматка дайындалды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>