Окуучуларды коркуткан адамдын өздүгү аныкталдыБишкектеги мектептер 17-октябрда онлайн форматка өтөтБишкекте белгисиз адам окуучуларды коркуткан— мектептер курчоого алынып, балдар эвакуацияландыКыргызстанда айдоочуларды окуткан унааларга текшерүү жүрүп жататБишкектин 5-кичирайонунда ысык суу убактылуу токтотулат“Манас” аэропортунда оңдоо иштеринен улам жол кыймылына чектөө киргизилди
Садыр Жапаров Кадамжайга учуп барып, алтын кени боюнча эл менен жолугушту
20.06.2024 | 12:15
Кадамжай районундагы “Шамбесай” алтын кени иштетилбейт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн аталган аймакта эл менен жолугушууда билдирди.
Ал бул маселеге чекит коюлганын айтты.
“Мен өз көзүм менен көрдүм. Иштетүүгө болбойт. Бул суроого чекит коелу”, – деди ал.
Белгилей кетсек, “Шамбесай” кенинде алтындын запасы 8 тоннага жакын. Анын иштетүүгө 2012-жылы лицензия берилген. Жергиликтүү тургундар экологиялык зыяндуулугун айтып, кенди иштетүүгө каршы чыгып келишет.