Садыр Жапаров Казакстанда бир палаталуу парламент түзүү демилгесин колдойт

Өлкө башчы Садыр Жапаров кечээ, 17-февралда, президент Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөшүп жатып, Казакстанда бир палаталуу парламент түзүү демилгесин колдой турганын айтты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Казак тарап демилгелеген сүйлөшүүдө мамлекет башчылары эки тараптуу мамилелердин актуалдуу маселелерин, анын ичинде соода, транспорт, өнөр жай кооперациясы, энергетика жана суу ресурстары тармактарында мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашырууну талкуулашты.
Касым-Жомарт Токаев Казакстанда жүргүзүлүп жаткан конституциялык реформа тууралуу маалымат берген. Садыр Жапаров Казакстандагы өзгөрүүлөрдү колдой турганын билдирип, бир палаталуу парламент түзүү боюнча жалпы элдик референдумдун ийгиликтүү өтүшүн каалаган.
Мындан тышкары, президенттер ички саясий реформалар, аймактык жана эл аралык күн тартибиндеги маселелер боюнча пикир алышышкан.