Садыр Жапаров Казакстандын эң жогорку мамлекеттик сыйлыгы – «Алтын Кыран» ордени менен сыйланды

22.08.2025 | 15:53

Бүгүн, 22-августта, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга болгон расмий сапарынын алкагында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровду «Алтын Кыран» ордени менен сыйлады. Бул тууралуу президенттин Администрациясы кабарлады.

Маалыматка ылайык, бул Казакстандын эң жогорку мамлекеттик сыйлыгы болуп саналат жана ал Садыр Жапаровго эки өлкөнүн ортосундагы достукту, кызматташууну жана союздаштык мамилелерди чыңдоого кошкон зор салымы үчүн ыйгарылды.

Сыйлык тапшыруу учурунда Токаев Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы мамилелер соңку жылдары өз ара ишенимге, урмат-сыйга жана стратегиялык өнөктөштүккө негизделип, жаңы деңгээлге чыгып жатканын белгиледи:

«Стратегиялык өнөктөштүктү тереңдетүүгө багытталган жаңы демилгелер көтөрүлдү. Эки өлкөнүн кызыкчылыгына жооп берген маанилүү долбоорлор биздин чыныгы боордоштугубузду көрсөтүп, достугубузду мындан ары да бекемдейт. Сиздин кыргыз элине болгон берилгендигиңиз жана эки элдин ынтымагын чыңдоого кошкон салымыңызды Казакстанда жогору баалашат», — деди Казакстандын лидери.

Өз кезегинде президент Садыр Жапаров бул жогорку сыйлыкты тапшыруу боордош казак эли менен болгон ынак коңшулук, терең ишеним жана чың мамиленин жаркын белгиси экенин баса белгиледи:

«Бул сыйлык кыргыз мамлекети менен кыргыз элине көрсөтүлгөн өзгөчө сый-урматтын символу. Биздин ынтымактуу аракеттерибиз кыргыз-казак союздаштык мамилелерине жаңы дем берип, элдерибиздин бакубат жашоосу жана тынчтыгы үчүн маанилүү жаңы барактарды ачарына ишенем», — деди Садыр Жапаров.

Эскерте кетсек, «Алтын Кыран» ордени – Казакстандын эң жогорку мамлекеттик сыйлыгы болуп эсептелет жана мамлекеттер аралык мамилелерди бекемдөөгө өзгөчө салым кошкон көрүнүктүү инсандарга гана ыйгарылат.

Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top