Алимент өндүрүү боюнча сот чечимдеринин 60%дан ашыгы аткарылбайт«Эрезе» кыргыз тасмасы Сан-Паулу эл аралык кинофестивалынын программасына кирдиКылмыштан жабыркаган балдар кайра-кайра суракка алынуудаЭрте никеге туруу туруктуу көйгөй бойдон калууда — акыйкатчыБишкекте Kaspi эсептерин ачуу үчүн кыргызстандыктарды азгырган схема аныкталдыОш шаарында көп кабаттуу үйлөрдүн тышын актап-сырдоо иштери жүрүүдө
Жыл башынан бери Кытайдан импорттолгон жашылчалардын көлөмү 4 эсе өстү
22.08.2025 | 15:51

2025-жылдын январь–июль айларында Кытайдан Кыргызстанга импорттолгон жашылча-жемиштердин көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 4 эсеге өстү. Бул тууралуу Кытайдын Башкы бажы башкармалыгына шилтеме берип, Tazabek.kg жазып чыкты.
Маалыматта айтылгандай, импорттун жалпы көлөмү 249,5 млн долларды түзүп, эң көп жеткирүүлөр апрель жана май айларында болгон. Импорттун өсүшү негизинен Кытайдан картошка жана сабиз алып келүүнүн көбөйүшү менен байланыштуу экени айтылды.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика