Садыр Жапаров Казакстандын Тышкы иштер министри Мурат Нуртлеуну Чолпон-Атада кабыл алды

01.08.2025 | 15:03

Бүгүн, 1-августта, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Чолпон-Ата шаарында Казакстандын Премьер-министринин орун басары – Тышкы иштер министри Мурат Нуртлеуну кабыл алды.

Президент тик администрациянын маалыматына ылайык, жолугушууда кыргыз-казак эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу багыттарын, анын ичинде артыкчылыктуу долбоорлорду жана Камбарата ГЭС-1 курулушу маселеси талкууланды.

Президент Жапаров, эки мамлекет ортосундагы саясий диалогдун тереңдеп жатканын белгилеп, мамилелерди практикалык мазмун менен толтуруу маанилүү экенин баса көрсөттү. Мурат Нуртлеунун сапары боордош элдердин алакасын чыңдоого өбөлгө болоруна ишеним билдирди.

Өз кезегинде Мурат Нуртлеу, Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин саламын жана каалоо-тилектерин жеткирди. Мамлекет башчыларынын ортосунда макулдашылган маселелерди ишке ашыруу үчүн бардык аракеттерди көрүүгө даяр экенин билдирди.

Жолугушуунун соңунда Садыр Жапаров Казакстандын Президентине жылуу саламын жолдоп, Мурат Нуртлеуга мамлекеттик ишмердигинде ийгилик каалады.

Scroll to Top