ИИМ: «Кыргызнефтегаз» ишканасындагы коррупция боюнча төрт киши кармалдыБишкек менен Чүйдө бодо малды семиртүү менен алектенген фермерлерге жеңилдетилген насыялар берилетЕАӨБ Ошто жолдорду куруу жана реконструкциялоо үчүн кредит беретЯпония ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген кыргызстандык жаштарга инклюзивдик долбоордун алкагында стажировкаларды уюштуратЖККУ глобалдык тобокелдиктерди баалоодо аналитикалык борборлорго таянууга чакырдыКазакстан радиациялык мониторинг боюнча КМШ макулдашуусун ратификациялады
Садыр Жапаров Казакстанга расмий сапар менен барат
08.04.2024 | 17:26
Президент Садыр Жапаров Казакстанга расмий сапар менен барат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев билдирди.
Кулубаев комитеттин кароосуна “Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы союздаштык мамилелерди тереңдетүү жана кеңейтүү жөнүндө” келишимди алып келди. Ал келишим эки мамлекеттин ортосундагы саясий, экономикалык, аскердик-техникалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык кызматташууну арттырууга багытталган.
Министр белгилегендей, Жапаров апрель айынын аягында коңшу мамлекетке расмий сапар менен барат. Ошондо эки өлкөнүн президенттери аталган келишимге кол коет.
Комитет аталган келишимди колдоп берди.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом