Садыр Жапаров кичи ажылык амалын аткарды (сүрөт)

20.07.2023 | 14:06

Президент Садыр Жапаров Сауд Арабияга болгон жумушчу сапарынын алкагында Мекке шаарында кичи ажылык амалын аткарды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

“Умра учурунда Садыр Жапаров өзгөчө урмат-сыйга ээ болуп, ыйык Каабанын ичине кирип, намаз окуду. Мамлекет башчысы Жараткандан өлкөгө өсүп-өнүгүүнү, Кыргызстандын элине бак-дөөлөттүү, берекелүү турмушту тартуулашын тиледи”, – деп айтылат маалыматта.

[image_carousel source=”media: 194396,194395,194394,194393,194392″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top