Бишкектин тургундары Скрябин көчөсүндөгү жөө өтмөктүн ыңгайсыздыгына даттануудаКРда батирлерге чет өлкөлүктөрдү каттоонун санына чектөө киргизүү көздөлүүдөУлуттук онкология борбору, Бета Сторес-2, Космопарк: 31-мартта Бишкектин бир бөлүгүндө суу өчүрүлөтКыргызстандын негизги капиталына салынган инвестициялар жыл башында 8,4%га өстүЭне жана баланы коргоо улуттук борборунда ашказан-ичеги ооруларын эрте аныктоочу жаңы ыкма колдонулуудаНТРК «УТРК Музыка» каналына айрым клиптердин кабыл алынбашын түшүндүрдү
Садыр Жапаров: Кумтөр жана “Кыргызалтын” акыркы үч жылда 2 млрддоллар таза киреше тапты
25.12.2025 | 15:04
Президент Садыр Жапаров IV Элдик курултайда Кумтөр алтын кенинен акыркы үч жыл ичинде мамлекетке 2 млрд доллар таза киреше түшкөнүн билдирди. Анын айтымында, “Кыргызалтын” ишканасы быйыл 200 млн доллар киреше тапты.
Буга чейин дотацияда отурган Макмал алтын кени быйыл 670 млн сом таза киреше менен чыкты. Ошондой эле “Кыргызалтындын” алтын куймаларын саткан дүкөндөрү өткөн жылы 735 млн сом таза киреше киргизди.
Президент буга чейин чыгашага иштеп, мамлекеттик бюджетке таянган тармактар да кирешеге чыгып жатканын белгиледи.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика