Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда эмне себептен казинолордур иштөөсүнө уруксат берилгендиги тууралуу “Кабар” агенттигине курган маегинде айтып берди.
Урунттуу учурлар:
• Казиного уруксат берерибиз менен өлкөбүзгө инвесторлор агылып келди. Ким 5 жылдыздуу мейманкана салса лицензия беребиз деген шарт койгонбуз да. Азыр ушул тапта 10го жакын беш жылдыздуу, бир 7 жылдыздуу мейманкана салынып жатат. Бул 3 миллиарддан ашуун инвестиция кирди деген сөз.
• Булар бүтүп ишке берилсе он эсе пайда алып келет. Туристтер келет. Алардан да акча каражаттары калат. Кудай буюрса мейманканалардын алды эмдиги жылы ишке бериле баштайт. 7 жылдыздуу мейманкана биздин чөлкөмдө биринчи жолу салынып жатат болуш керек?
• Мындан сырткары ат сарайга айланып калган илгерки профсоюздардын “Достук”, “Саякат”, мындан сырткары “Ак-кеме” мейманканалары инвесторлор тарабынан беш жылдыздуу болуп курулуп жатат. “Саякаттын” ордуна жаңы мейманкананын курулуш иштери башталды.
• Кыскасын айтканда казиного лицензия берүү менен мамлекет уттурган жок. Утушта гана болду.
• Бишкекте 3 казино иштеп жатат. Ушул күнгө чейин бир дагы кыргыз жараны кирген жок. Кирбейт дагы. Казинону кайтарган милиция кызматкерлери көзөмөлдөп турушат. Видео жазуу дагы бар. Эгер кыргыз жараны кирген казино аныкталып калса, анда ал казино автоматтык түрдө жабылат. Бир кыргыздын 5-6 миң доллары үчүн казино ээси бир миллион долларлык лицензиясынан айрылгысы келбесе керек?
• Ал эми жашыруун казино ачып алып иштегендерди күч органдары кармап, мүлктөрүн конфискациялап жаткан учурлар бар. Жашыруун казино иштеткендер илгертен бери эле болуп келген. Азыр дээрлик жокко эсе болуп калды. Көзөмөл катуу.