Садыр Жапаров Кытайда Жеңиштин 80 жылдыгына арналган парадга катышты

Президент Садыр Жапаров Кытай Эл Республикасына болгон иш сапарынын алкагында ардактуу конок катары Пекин шаарындагы Тяньаньмэнь аянтында Экинчи дүйнөлүк согуштун аякташынын жана Жеңиштин 80 жылдыгына арналган парадга катышты.
Парадга дүйнөнүн 20дан ашуун мамлекетинин президенти жана өкмөт башчылары катышып, ардактуу коноктордун арасында делегациялар башчылары Император сарайынын жанында биргелешип сүрөткө түшүштү. Андан соң лидерлер байкоо аянтчасына жөнөп, салтанаттуу иш-чарага катышты.
Парад учурунда мамлекеттик тууларды көтөргөн аба эшелондору, жөө аскерлердин параддык бөлүктөрү, аскердик желектерди кармаган бөлүктөр жана Кытайдын аскердик техникаларынын колонналары аянт аркылуу өттү. Иш-чара аскердик учактардын эскадрильясынын учуусу менен аяктады.
Бул салтанат эл аралык деңгээлде согуштун аякташы жана тынчтыкты сактоо маанилерин белгилей турган окуя катары өттү.