Садыр Жапаров Мамлекеттик күзөт кызматын УКМКнын курамынан чыгарып, аны түздөн-түз президентке баш ийдирди
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик күзөт тутумун өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Чечим кайтарууга алынган адамдардын жана стратегиялык объекттердин коопсуздугун камсыздоонун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.
Документке ылайык, УКМКнын Тогузунчу кызматынын базасында өз алдынча ведомство — Мамлекеттик күзөт кызматы (МКК) түзүлүүдө. Жаңы орган жалаң гана Кыргыз Республикасынын Президентине баш ийген жана отчет берген атайын мамлекеттик мекеме макамына ээ болот.
Мамлекеттик күзөт кызматы улуттук коопсуздукту камсыздоо тутумуна кирет жана «Мамлекеттик күзөт жөнүндө» мыйзамда белгиленген компетенциялардын чегинде ишмердүүлүк жүргүзөт. МККнын төрагасын жана анын орун басарларын кызматка дайындоо жана бошотуу ыйгарым укуктары мамлекет башчысына бекитилген.
Жарлык менен жаңы кызматтын ишмердүүлүгүнүн укуктук негизи болуп КР Конституциясы жана тармактык мыйзамдар эсептелери белгиленди. Президент ошондой эле мекеменин жобосун, түзүмүн жана штаттык санын бекитет. Министрлер кабинетине өз чечимдерин кыска мөөнөттө бул жарлыкка ылайык келтирүү тапшырылды. Документ расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Мамлекеттик күзөт тутумун реформалоо өлкөнүн күч блогундагы масштабдуу түзүмдүк өзгөрүүлөрдүн бир бөлүгү болуп калды.