Чыңгыз Айдарбеков мандат берүүнү талап кылып БШКга арыз жаздыБашка адамдардын талаасында мал жайган жана чипи жок малды алуу сунушталуудаКР энергетиктери 2026-жылы 13 кичи ГЭСти ишке киргизет — аймактардын тизмесиЖК комитети баатыр энелердин балдарына жеңилдиктерди берүү долбоорун жактырдыСогуштун жыты бар, бирок коркуу жокОшто Алымбек Датка көчөсүнө веложолу бар тротуар куруу иштери башталды
Садыр Жапаров мамлекеттик тилди колдонуу боюнча жаңы Мыйзамга кол койду
11.08.2025 | 13:25

Президенти Садыр Жапаров 2025-жылдын 25-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган “Мамлекеттик тилди колдонуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамга кол койду.
Бул мыйзам Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине жана бир катар башка мыйзамдарга “Мамлекеттик тил жөнүндө” Конституциялык Мыйзамдын ченемдерине шайкеш келтирүү максатында өзгөртүүлөрдү киргизет. Өзгөртүүлөр мамлекеттик тилди колдонуу чөйрөсүн бекемдөө жана мыйзамдардын ортосундагы тууралукту камсыз кылууга багытталган.
Документтеги негизги жоболор:
- Депутаттардан тартып судьяларга чейин кыргыз тилин билүү милдеттүү.
- Сот процесстери негизинен мамлекеттик тилде жүрөт, бирок расмий тил да колдонулушу мүмкүн.
- Кыргыз тили бала бакча, мектеп жана жогорку окуу жайларда негизги окуу тили болушу керек.
- Жарнамада мамлекеттик тилдеги текст орфографиялык эрежелерге ылайык, жергиликтүү орган менен макулдашылышы зарыл.
- Тейлөөдө аудиовизуалдык программалардын 60%ы мамлекеттик тилде болушу шарт.
- Көпчүлүккө билдирүүлөр алгач мамлекеттик тилде, андан кийин расмий тилде берилет.
Рубрики: Жаңылыктар