Садыр Жапаров: Менчик жерлерди алып коюуга каршымын

Садыр Жапаров: Менчик жерлерди алып коюуга каршымын

Менчик жерлерди алып коюуга мен каршымын. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигинин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Президентке Жогорку Кеңеш кабыл алган Жер кодекске «мамлекеттик жана коомдук муктаждыктар үчүн менчик жерлерди мамлекет алып кое алат» деген ченем киргени тууралуу элдин кооптонуулары жөнүндө суроо узатылган.

Жапаровдун айтымында, ал менчик жерлерди алып коюуга каршы. Жеке менчик мүлктөр кол тийгис.

«Эгер ФПСтин (Айыл чарба жерин бөлүштүрүү фонду – ред.) ижарага берилген жерлери болсо анда башка кеп.

ФПСтин жүздөгөн гектар жерлерин 49 жылга алып алышып, анан иштете албай, отоо чөп басып жаткан жерлер жөнүндө кеп болуп жатса керек.

Андай жерлерди сөзсүз айыл чарба багытына иштетишибиз керек. Барган сайын дүйнө жүзүндө айыл чарба багытындагы жерлер тарып барат», — дейт ал.

Адам саны тездик менен өсүп жатканын айткан Жапаров Кыргызстан өзүн буудай менен камсыз кыла албай жатканын, 60%ын чет жактан сатып аларын сөз кылып, бош жаткан жерлер болбошу керектигин билдирди.

«Ошондуктан бир чарчы метр жер болсо дагы бош жатпашы керек. Жеке менчик жерлерди болсо жергиликтүү бийликтегилер кыдырып туруш керек. Кимдер иштете албай жаткан болсо, өкмөт тараптан жардам берели, иштеттирели.

Өзү иштете албай жатса, анда ижарага алып өкмөт иштетсин. Жолдорун тапса болот да», — дейт ал.

Жапаров «иштетилбей турган жеке менчик жерлерди алабыз» деген мыйзам долбоору келсе, каршы пикир менен артка кайтара турганын айтты.

«Учурдан пайдаланып жеке менчик жер ээлерине кайрыла кетейин. Бир чарчы метр жерди да бош калтырбагыла. Буудай, арпа, картошка сыяктуу айыл чарба багытындагы тамак-аш боло турган эгин-тегиндерди сепкиле.

Импорттон көз каранды болбойлу. Өзүбүздү өзүбүз камсыз кылганга аракет кылалы. Өкмөттүн максаты деле ушул. Силердин жерлерди тартып алып өкмөттү байыталы деген максаты жок», — деди ал.

Эскерте кетсек, жакында эле Жогорку Кеңеш жаңы Жер кодексин кабыл алган. Активисттер жана жарандар бул мыйзамга президент кол койсо, мамлекет жеке менчик жерди тартып алганга жол ачыларын айтып чыгышкан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>