Садыр Жапаров менен Владимир Путин Трамп менен жолугушуунун жыйынтыгын талкуулашты

Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров Россиянын Президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү. Бул тууралуу Кр Президенттик администрациясы кабарлады.
Тараптар Путин менен АКШнын Президенти Дональд Трамптын Аляскада өткөн сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгын талкуулашты.
Садыр Жапаров бул саммит дүйнөлүк чыңалууну азайтууга жана ишенимди бекемдөөгө чоң салым кошконун белгилеп, Москва менен Вашингтондун кызматташуусу Украина кризисин тынчтык жолу менен жөнгө салууга шарт түзөрүнө ишеним билдирди.
«Кыргызстан Евразиянын борборунда жайгашкан жана аймактык интеграциялык бирикмелердин ишине активдүү катышкан өлкө катары туруктуулукту чыңдоого өзгөчө маани берет. Ошондой эле Россия менен туруктуу өнүгүү үчүн кызматташууга даярбыз», — деди Жапаров.
Сүйлөшүүнүн соңунда тараптар эл аралык жана аймактык маселелер боюнча пикир алмашууну улантууну макулдашышты.