Садыр Жапаров менен Владимир Путин телефон аркылуу сүйлөшүп, кызматташтык маселелерин талкуулашты

27.03.2026 | 15:57

Бүгүн, 27-мартта, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Орусиянын президенти Владимир Путиндин телефон аркылуу сүйлөшүүсү болду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-орус кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин жана эл аралык күн тартибиндеги темаларды талкуулашты.

Мамлекет башчылары эки өлкө ортосундагы саясий диалогдун деңгээлин белгилешип, мамилелерди союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк негизинде чыңдоону ырасташты. Ошондой эле соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү кызматташуунун багыттары боюнча пикир алмашуу болду.

Эске салсак, азыркы тапта Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Москвада өзүнүн алгачкы расмий сапарында жүрөт. Ал сапардын алкагында, ал Орусиянын Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко менен жолугушуп, парламенттер аралык байланыштарды чыңдоо жана эки тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулады.

Scroll to Top