Reporter.kg MBANK кеңсесинин ишин баалады: Операторлор кантип иштейт жана алдамчылардан кантип коргошот?Балдарга арналган суусундуктарга акциздик марка басуу милдеттендирилдиАк-Суу районунда жаңы машина-трактордук станция ишке кирдиЖакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу Коопсуздук кеңеши өлкөдөгү коопсуздук маселеси боюнча жыйын өткөрдүКыргызстанда жарандарды социалдык камсыздандыруу үчүн каттоо системасы жөнөкөйлөтүлөтКамчыбек Ташиев ИИМде беш саат сурак берип чыкты
Садыр Жапаров Өзбекстанга иш сапары менен барат
14.11.2025 | 20:00
Президент Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин чакыруусу боюнча 15-16-ноябрда Ташкент шаарына иш сапары менен барат. Бул тууралуу Президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Абдумуталип билдирди.
Маалыматка ылайык, өлкө башчы Борбордук Азия мамлекеттеринин башчыларынын жетинчи консультативдик жолугушуусуна катышат.
“Борбордук Азия мамлекеттеринин башчыларынын жетинчи консультативдик жолугушуусу аймактык өз ара аракеттенүү келечегинин актуалдуу маселелерин талкуулоого багытталган. Сапардын алкагында Садыр Жапаровдун Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен эки тараптуу жолугушуусу пландаштырылган”, – деп белгиледи Сагынбек Абдумуталип.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат