Соттук-медициналык экспертиза борборунун директору тил маселеси боюнча кырдаалга комментарий бердиБивол карьерасын 40 жашка чейин аяктагысы келерин билдирдиГареев атындагы Ботаникалык бактын администрациясына таштандыларды топтогону үчүн айып пул салындыКыргызстан Минск шаарында өткөн антитеррордук форумга жана машыгууларга катыштыЧүй облусунун 100 жылдыгына карата Кант шаарынын мэриясы майрамдык видеоролик тартууладыМал ээлери эми «Түндүк» тиркемесинен өз малдары тууралуу маалыматтарды көрө алышат
Садыр Жапаров Өзбекстанга иш сапары менен барат
14.11.2025 | 20:00
Президент Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин чакыруусу боюнча 15-16-ноябрда Ташкент шаарына иш сапары менен барат. Бул тууралуу Президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Абдумуталип билдирди.
Маалыматка ылайык, өлкө башчы Борбордук Азия мамлекеттеринин башчыларынын жетинчи консультативдик жолугушуусуна катышат.
“Борбордук Азия мамлекеттеринин башчыларынын жетинчи консультативдик жолугушуусу аймактык өз ара аракеттенүү келечегинин актуалдуу маселелерин талкуулоого багытталган. Сапардын алкагында Садыр Жапаровдун Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен эки тараптуу жолугушуусу пландаштырылган”, – деп белгиледи Сагынбек Абдумуталип.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат