Жергиликтүү бийликтерге митингдер өтө турган жерди аныктоо укугун берүү сунушталуудаРоссиялык «Вкусно — и точка» тармагы 2026-жылы Кыргызстанда алгачкы ресторандарын ачатДэн Сяопин проспектисинин дагы бир түштүк тилкеси оңдоого жабылатУлуттук банк: «Оптима Банк» аркылуу эң көп алдамчылык операциялары жасалганМына алар, солдон оңго карай: Маданият министри кыргыз рэперлери менен жолугуштуАкысыз медициналык кызмат көрсөтөт: Араванда мобилдик мульти-диагностикалык комплекс ишин баштады
Садыр Жапаров Россияга иш сапары менен кетти
07.10.2024 | 15:15
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-октябрда иш сапары менен Россияга жөнөп кетти. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Жапаров КМШнын өлкөл башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышат.
Делегациясынын курамы:
- министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары, Кыргызстандын КМШ иштери боюнча улуттук координатору Адылбек Касымалиев;
- тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
- президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;
- Кыргызстандын Россиядагы элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев;
- Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Талантбек Иманов;
- КМШнын Экономикалык кеңешинин алдындагы Экономикалык маселелер боюнча комиссиядагы Кыргызстандын ыйгарым укуктуу өкүлү Улукбек Кармышаков.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом