Өнөр жай, социалдык объектилерди жана суу сактагыч куруу: Президент Араван районун өнүктүрүү пландары менен таанышты12-апрелге карата аба ырайыАйга учкан «Артемида-2» миссиясынын экипажы Жерге кайтып келдиӨздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, алдап кетишкен. Бишкекте шектүү жаран кармалдыИнвестициялар боюнча улуттук агенттикте түрк ишканасы менен «жашыл» долбоорлорду каржылоо маселеси талкууланды11-апрель: Айрым аймактарда жаан жаашы күтүлөт
Садыр Жапаров Саиду Мирзиёеваны кабыл алып, кыргыз-өзбек алакаларын чыңдоону талкуулады
20.08.2025 | 15:15

Бүгүн, 20-августта Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Өзбекстан Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Саида Мирзиёеваны кабыл алды.
Жолугушуунун жүрүшүндө эки тарап кыргыз-өзбек кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулап, маданий-гуманитардык жана билим берүү байланыштарын чыңдоону макулдашты.
Президент Жапаров эки өлкөнүн алакаларынын стратегиялык өнөктөштүк духунда өнүгүп жатканын белгиледи. Саида Мирзиёева жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёевдин саламын жана эң жакшы каалоолорун жеткирди.
Жолугушуунун соңунда президент Садыр Жапаров Саида Мирзиёевага жооптуу мамлекеттик ишинде ийгиликтерди каалады.
Рубрики: Жаңылыктар