Бишкекте кичи футбол боюнча «Евразия Кубогунун» экинчи турнири өттүБишкекте ШКУ өлкөлөрү «Жашыл технологиялык коридорду» түзүүнү макулдашышты«Амели» тасмасынын жылдызы Одри Тоту Бишкектеги кинофестивалдын ардактуу коногу болотКыргызстан менен Түштүк Корея экспортту жана өнөр жай кызматташтыгын кеңейтүүнү макулдашты23-майга карата аба ырайыСалт эмес, трагедия: ала качууну кайтарууга кимдер аракет кылууда
Бишкектеги сейил бакта массалык мушташ уюштурууга шектелип 7 адам кармалды
20.08.2025 | 14:33

Бишкек шаарынын “Ынтымак” сейил багында болгон массалык мушташка байланыштуу 7 жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя 18-август күнү танкы саат 03:30 чамасында болгон. Анда белгисиз адамдар коомдук тартипти бузуп, массалык түрдө мушташкан. Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) менен кылмыш иши козголгон.
Ыкчам тергөөнүн жыйынтыгында мушташты уюштурууга шектелип 20 жана 22 жаштагы жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Мындан тышкары, тергөөгө 5 жаран жеткирилип, Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренесине (майда бейбаштык) ылайык протокол түзүлгөн. Учурда тергөө иштери уланып жатканы айтылды.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар
Теги: Бишкек