Садыр Жапаров: Шайлоолордо интернет аркылуу добуш берүүнү киргизүүнү пландап жатабыз
Өлкө башчы Садыр Жапаров кийинки парламенттик шайлоодо интернет аркылуу добуш берүүнү киргизүү пландалып жатканын билдирди. Бул тууралуу ал «Ынтымак Ордодо» Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого көз салган эл аралык байкоочулар менен жолугушууда айтты.
Өлкө башчы мындан аркы шайлоолордо да эч кандай жасалмалоого же коррупцияга жол бербөөгө күч-аракет жумшаларын билдирди.
Анын айтымында, учурда аралыктан добуш берүү киргизилген. Эми мындан ары интернет менен добуш берүү камсыз кылынса, жарандардын 80%ы добуш берүүгө катышып калат.
“Келерки жылы президенттик шайлоо болот. Биз ага эми бир жылдын ичинде жетишпей калат болушубуз керек. Мен ойлойм, кийинки парламенттик шайлоодо биз интернет аркылуу добуш берүүнү камсыз кылабыз деп”,- деп айтты өлкө башчы.
Эске салсак, кечээ, 30-ноябрда, Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү. Шайлоого 1 миллион 584 миң 400 жаран катышты. Бул көрсөткүч акыркы тизмеге киргизилген бардык шайлоочулардын 36,9 пайызына туура келет.