Садыр Жапаров шейх Заед атындагы эң чоң мечитке барды – сүрөт

01.11.2022 | 16:28

Президент Садыр Жапаров Бириккен Араб Эмираттарына (БАЭ) болгон иш сапарынын алкагында Абу-Даби шаарындагы шейх Заеддин күмбөзүнө жана анын атындагы мечитке барды. Бул тууралуу преизденттин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы БАЭнин негиздөөчүсү жана биринчи президенти шейх Заед бин Султан Аль-Нахаяндын элесине таазим кылып, күмбөздү көрүп чыкты. Андан соң, Садыр Жапаров шейх Заед бин Султан Аль-Нахаяндын сөөгү коюлган жердин жанына салынган мечитке кирди.

Мечитти көрүп чыккан соң, Мамлекет башчысы Ардактуу меймандар китепчесине каалоо-тилектерин жазып калтырды.

[image_carousel source=”media: 162819,162820,162821,162822,162823,162824,162825,162826,162827,162828,162829,162830″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top