Ысык-Көлдүн тургунун таң атпай сабап, тоноп кеткендер кармалды

Ысык-Көлдүн тургунун таң атпай сабап, тоноп кеткендер кармалды

Ысык-Көл облусунда тоноого шектелип 19 жаштагы эки жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 8-сентябрь күнү Каракол шаардык милициясына Барскоон айылынын 31 жаштагы Т.Э. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Ал арызында ошол күнү болжол менен таңкы саат 05:30да Каракол шаарынын борборунан 18-20 жаштагы белгисиз эки жаран эч себепсиз сабап, 16 миң сом акчасын, «Самсунг» уюлдук телфонун, капчыгын жана кийимин күч колдонуп тартып алышканын билдирген.

Милициядан белгилешкендей, арыз жазып жатканда жабырлануучу өзүн жаман сезип, акыбалы начарлай баштагандыктан, милиция кызматкерлери аны Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын травматология бөлүмүнө тез жардам менен жеткиришкен.

Аталган факт Каракол шаардык милициясында катталып, Кылмыш кодексинин 206-берениси (Тоноо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында, шектүү катары Каракол шаарынын 19 жаштагы С.Б. аттуу тургуну жана Тепке айылынын У.А. аттуу тургуну кармалган.

«Алардан кылмышка тиешелүү далил заттар алынып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Кармалган шектүүлөр, алгачкы суракта күнөөлөрүн толук моюнуна алышты. Каракол шаардык сотунун чечими менен алар эки айга камакка алынды», — деп айтылат маалыматта.

Учурда тергөө амалдары уланууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>