Садыр Жапаров Такаити Санаэни Жапониянын премьер-министри болуп шайланышы менен куттуктады

22.10.2025 | 15:51

Өлкө башчы Садыр Жапаров Такаити Санаэни Жапониянын премьер-министри кызматына шайланышы менен куттуктады. Куттуктоо катын президенттин басма сөз кызматы жарыялады.

“Сиздин бай кесиптик тажрыйбаңыз жана лидерлик сапаттарыңыз Жапониянын мындан ары да туруктуу өнүгүшүнө жана эл аралык аренадагы кадыр-баркынын чыңдалышына чоң салым кошот деп ишенем.

Кыргыз Республикасы Жапония менен достукту жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүүгө өзгөчө маани берет. Өлкөлөрүбүздүн ортосундагы өз ара аракеттенүү бекемделип жатканын, айрыкча «Борбордук Азия + Жапония» форматындагы кызматташуунун натыйжалуу механизмдерин өзгөчө белгилейм. Эки тараптуу мамилелер элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн өз ара урматтоонун жана биргелешкен өнүгүүгө умтулуунун негизинде мындан ары да ийгиликтүү өнүгөт деп ишеним артам.

Улуу мартабалуу сизге чын ден соолук, жооптуу мамлекеттик ишмердүүлүгүңүзгө ийгиликтерди, ал эми Жапония элине тынчтык жана өнүгүү каалайм”, – деп айтылат куттуктоодо.

Эске салсак, кечээ, 21-октябрда, Сигэру Исиба башында турган Жапониянын өкмөтү бийликтен кеткенден кийин, өлкөнүн 104-премьер-министрин тандоо үчүн жапон парламентинин кезексиз сессиясы өткөн.

Либерал-демократиялык партиянын төрайымы болгон 64 жаштагы Такаити Санаэ Жапониянын тарыхындагы алгачкы премьер-министр айым болуп калды.

Scroll to Top