Өнөр жай, социалдык объектилерди жана суу сактагыч куруу: Президент Араван районун өнүктүрүү пландары менен таанышты12-апрелге карата аба ырайыАйга учкан «Артемида-2» миссиясынын экипажы Жерге кайтып келдиӨздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, алдап кетишкен. Бишкекте шектүү жаран кармалдыИнвестициялар боюнча улуттук агенттикте түрк ишканасы менен «жашыл» долбоорлорду каржылоо маселеси талкууланды11-апрель: Айрым аймактарда жаан жаашы күтүлөт
Садыр Жапаров жана Ухнаагийн Хурэлсух «Мейкин Азия» эл аралык музыкалык фестивалына барышты
23.07.2025 | 07:39
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров жана Монголиянын Президенти Ухнаагийн Хурэлсух Ысык-Көлдүн жээгинде өткөн «Мейкин Азия» эл аралык музыкалык фестивалынын концерттик программасына катышышты. Иш-чара Монголия президентинин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында уюштурулду.

«Мейкин Азия» фестивалы — популярдуу музыка аткаруучуларын чогулткан эл аралык ири маданий иш-чара болуп саналат. Ал жаш таланттарды колдоо жана өнүктүрүү максатында 2013-жылдан бери өткөрүлүп келет. Фестивалды Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги уюштурат. Белгилүү болгондой, бул фестиваль туура он жылдан ашык убакыттан бери Кыргызстанда гана өткөрүлүп келет.
Рубрики: Жаңылыктар