Садыр Жапаров ЖККУнун аскердик ташуулар боюнча протоколун ратификациялады

29.07.2025 | 16:53

Президент Садыр Жапаров аскердик жана башка түзүлүштөрдү, алардын кыймылдуу мүлкүн, ошондой эле аскердик багыттагы продукцияны ташуу жаатында ЖККУга мүчө-мамлекеттердин кызматташтыгы жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө мыйзамга кол койду. Документке 2024-жылдын 28-ноябрында Астана шаарында кол коюлган. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзам 26-июнда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Протоколду кабыл алуу аскердик жана башка түзүмдөрдү, алардын кыймылдуу мүлктөрүн, аскердик багыттагы продукцияларды, ошондой эле түзүмдөрдүн командачылыгына дайындалган өздүк курамды ташууну уюштурууда жана аткарууда оперативдүүлүктүн деңгээлин жогорулатууга мүмкүндүк берет.

Ошондой эле ташууларды уюштуруу жана камсыз кылуу менен байланышкан маселелерди, анын ичинде бул түзүлүштөрдүн биргелешкен машыгууларга жана күтүүсүз текшерүүлөргө катышуусун укуктук жөнгө салууну камсыздайт.

Теги: ЖККУ
Scroll to Top