Кыргызстанда сот тутумунун 15 объектиси курулууда, дагы тогуз имарат куруу пландалганТалас шаарында 5 миң орундуу «Талас-Арена» борбордук стадиону ачылдыБишкектен Шарм-эль-Шейхке учкан каттамдар келе жаткан кыш мезгилине токтотулдуАКШдан Кыргызстанга баңгизат ташууга шектелген жаран кармалып, өлкөгө алынып келиндиСадыр Жапаров: Талас облусунда 350 орундуу оорукана жана үч медициналык борбор курулатМСК кыйыр салыктар боюнча отчетту автоматтык текшерүү функциясын киргизди
Балыкчыга каттаган поезддин терезелерин талкалагандар табылды
29.07.2025 | 16:52
Балыкчыга каттаган поезддин терезелерин талкалагандар 12–15 жаштагы өспүрүмдөр болуп чыкты. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, балдардын жашы жете элек болгондуктан, алар менен кошо ата-энелерине да түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Милиция мындай мыйзам бузуу жазасыз калбай турганын эскертти. Поезде зыян келтиргендерге 3 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратуу же айып пул салуу жазасы каралган.
Рубрики: Жаңылыктар