Садыр Жапаровдун Венгрияга болгон иш сапары аяктады (сүрөт)

Садыр Жапаровдун Венгрияга болгон иш сапары аяктады (сүрөт)

Өлкө башчы Садыр Жапаровдун 20-21-майдагы Венгрияга болгон иш сапары аяктады.

Биринчи күнү Венгриянын премьер-министри Виктор Орбандын атынан мамлекет башчылары үчүн расмий кабыл алуу болду.

Экинчи күнү  Садыр Жапаров премьер-министр Виктор Орбан менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Венгриянын ортосунда күн тартибиндеги маселелер каралып, ошондой эле ар кыл тармактарда кызматташууну мындан ары өнүктүрүүнүн келечеги талкууланды.

Андан соң Садыр Жапаров ТМУга катышуучу мамлекеттердин башчыларынын бейформал саммитине катышты. Саммит Кыргызстандын Уюмга төрагалыгынын алкагында өттү. Мамлекет башчылар өз кезегинде Кыргызстан Уюмга ийгиликтүү төрагалык кылганын белгилешти.

ТМУнун бейформал саммитинин жыйынтыгында бир катар көп тараптуу документтерге кол коюлуп, кабыл алынды.

Мындан тышкары Садыр Жапаров Алишер Навои атындагы эл аралык сыйлыкты дүйнөлүк деңгээлдеги илимпоз, профессор Азиз Санжарга “Түрк дүйнөсүнүн биримдигине кошкон салымы үчүн” тапшырды.

Мамлекет башчысы ошондой эле Будапешттеги Кыргызстандын Элчилигинин жаңы имаратында да болду. Дипломатиялык өкүлчүлүк 2024-жылдын январында мамлекеттик менчикке сатып алынган жаңы имаратка көчкөн.

Андан кийин өлкө башчы жана биринчи айым Айгүл Жапарова ардактуу конок катары Будапешттеги Венгер мамлекеттик опера театрына барышты. Концерттик программа ТМУнун бейформал саммитинин маданий программасынын алкагында тартууланды.

Президент Венгрияга болгон иш сапарын аяктап, 22-майда Бишкекке кайтып келди.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>