Билеттердин баасы, Lufthansa, Милан жана форум: Манасбек Самидинов — КР авиациясынын пландары тууралууКазакстан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын медалдык эсебинде биринчи орунду алды — Аскат АлагозовУКМК: Ош бажысынын инспекторлору коррупцияга шектелип кармалдыСадыр Жапаров акыйкатчыга күч түзүмдөрү тарабынан кыйноолор боюнча арыздарды текшерүүнү тапшырдыСоодадан туризмге чейин: Кыргызстан менен Зимбабвенин ортосунда алгачкы саясий консультациялар өттүБишкекте Махатма Ганди көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылат
Трамп Россияны “Чоң сегиздиктен” чыгаруу жаңылыштык болгонун айтты
22.05.2025 | 10:09
АКШнын президенти Дональд Трамп Россияны G8 өлкөлөрүнүн клубунан чыгарууну жаңылыштык деп эсептей турганын РИА Новости жазып чыкты.
Трамптын айтымында, бул туура эмес чечим.
“Чоң жетилик мурда G8 болчу, бирок кереметтүү түрдө алар Россияны ал жерден кууп чыгышты. Эгер ал ошол жерде калганда алда канча жакшы болмок”, – деди Трамп Овал кеңсесинде Түштүк Африканын президенти Сирил Рамафоса менен сүйлөшүү учурунда.
Өз кезегинде Түштүк Африканын лидери Ак үйгө болгон сапарынан пайдаланып, Чоң жыйырмалыктын төрагалыгын АКШга өткөрүп берди. Бул Американын администрациясы ноябрга белгиленген жана африкалык өлкөнүн биринде өтө турган G20 саммитине катышуудан баш тартышы мүмкүн деген маалыматтардан улам болду.
Рубрики: Жаңылыктар