Саламаттык сактоо министринин орун басары Тез жардам борборундагы санариптик технологиялар менен таанышты

Саламаттык сактоо министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары Нургүл Аднаева Бишкек шаарындагы Тез жардам борборунда көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Жыйында Тез жардам борборунун ишинде колдонулуп жаткан санариптик технологиялар менен таанышуу жүргүзүлгөн. Борбордун кызматкерлери учурда иштеп жаткан автоматташтырылган башкаруу тутумунун мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүшкөн. Ал система төмөнкүлөрдү камсыздайт:
- чалууларды автоматтык түрдө бөлүштүрүү жана бригадаларды геолокация жана жол кырдаалын эске алынуу менен багыттоо;
- тез жардам унааларынын кыймылын реалдуу убакыт режиминде көзөмөлдөө жана нөөмөт кызматтарынын аракеттерин координациялоо;
- бейтаптарды ооруканага жеткирүүнү тездетүү жана кийинки коштоо үчүн медициналык мекемелер менен маалымат алмашуу.
Нургүл Аднаева аталган борбордун маалыматтык системасын электрондук саламаттык сактоо экосистемасына интеграциялоо маселесин көтөргөн. Ошондой эле ал тез жардам бригадаларынын жүктөмүн божомолдоо, жооп кайтаруу убактысын талдоо жана маршруттарды оптималдаштыруу үчүн жасалма интеллект технологияларын изилдеп, ишке киргизүүнү тапшырган.