Кыргызстанда көмүрдүн баасын кармап туруу үчүн дизелдик күйүүчү май ташууну субсидиялоо сунушталуудаКыргызстанда балдар мекемелеринин жанында кооптуу товарларды саткандарга 65 миң сомго чейин айып пул салуу сунушталуудаКыргызстанда исламдык автокамсыздандырууну кадимки ОСАГОго теңөө сунушталуудаСоттук-медициналык экспертиза борборунун директору тил маселеси боюнча кырдаалга комментарий бердиБивол карьерасын 40 жашка чейин аяктагысы келерин билдирдиГареев атындагы Ботаникалык бактын администрациясына таштандыларды топтогону үчүн айып пул салынды
Бажыдагы мыйзамсыз айыптар: прокуратура 19 токтомду жокко чыгарды
16.10.2025 | 17:05

Бажы органынын кызматкери укук бузуу фактысы үчүн айыпка жыгылды.
Башкы прокуратура жүргүзгөн текшерүүнүн жыйынтыгында, Мамлекеттик бажы кызматы тарабынан «А» ишкердик субъектисине карата бажы декларациясын берүү мөөнөтүн бузгандыгы үчүн ар бир учур боюнча 5 миң сом өлчөмүндө айып салуу жөнүндө 19 токтом чыгарылганы аныкталды.
Бирок бул токтомдор жаза чарасын колдонуу мөөнөтү өтүп кеткенден кийин чыгарылганы белгилүү болду.
Натыйжада, Башкы прокуратура тарабынан бажы кызматкерине карата укук бузуу боюнча өндүрүш иши козголуп, соттун чечими менен ал 10 миң сом айыпка тартылды. Мындан тышкары, мыйзамсыз чыгарылган 19 токтом жокко чыгарылды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом