“COVID-19 кесепеттерин жоюу” долбоорунун алкагында 107 медициналык унаа Саламаттык сактоо министрлигине тапшырылды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Белгиленгендей, аталган унааларды алууга 3 млн доллар жумшалды. Ага ылайык:
— 47 тез жардам унаасы;
— 35 даана тез жардам унаасы (седан);
— 19 бирдик тез жардам унаасы (минивэн);
— каза болгондордун сөөгүн ташуу үчүн адистештирилген транспорттун 4 бирдиги;
— 2 даана дезинфекциялоочу унаалар тапшырылды.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз