Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Саламаттык сактоо министрлигине 107 медициналык унаа тапшырылды
08.12.2023 | 19:56
“COVID-19 кесепеттерин жоюу” долбоорунун алкагында 107 медициналык унаа Саламаттык сактоо министрлигине тапшырылды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Белгиленгендей, аталган унааларды алууга 3 млн доллар жумшалды. Ага ылайык:
– 47 тез жардам унаасы;
– 35 даана тез жардам унаасы (седан);
– 19 бирдик тез жардам унаасы (минивэн);
– каза болгондордун сөөгүн ташуу үчүн адистештирилген транспорттун 4 бирдиги;
– 2 даана дезинфекциялоочу унаалар тапшырылды.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар