Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан кадрдык саясат жаатындагы реформалардын алкагында 2025-жылдын апрель айында өлкө боюнча 22 саламаттык сактоо уюмунда жетекчилик кызматтын ваканттык орундарына ачык конкурс аркылуу тандоо өткөрүү пландалууда.
Аталган ведоствонун маалыматына караганда, конкурска катышуу укугуна ээ болуу жана дайындалуу үчүн катышуучулар кадрлар резервине кирип, тиешелүү баалоодон өткөн болушу зарыл.
2025-жылдын 1-апрелине карата саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилеринин кадрлар резервине 404 адам киргизилген, алардын ичинен 100 адам конкурс аркылуу тандоого катышуу жана дайындалуу укугуна ээ. Ошол эле учурда, резервге киргизилгендин өзү автоматтык түрдө жетекчилик кызматка дайындоо үчүн негиз болуп эсептелбейт. Ар бир талапкер конкурска катышуу укугуна ээ болуу үчүн милдеттүү түрдө баштапкы же жыйынтыктоочу аттестациядан өтүшү керек.