Мамлекеттик салык кызматы 2024-жыл үчүн бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу өнөктүгүн баштады. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.
Салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү
Декларацияны 2025-жылдын 1-апрелине чейин тапшырууга милдеттүүлөр:
- ата мекендик уюмдар (бюджеттен каржылануучу жана отчеттук салык мезгили үчүн мүлк салыгы боюнча салыктык милдеттенмелери болбогон уюмдардан тышкары);
- туруктуу мекеме түзүү менен Кыргызстанда иштеген чет өлкөлүк уюмдар;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер.
Декларацияны 2025-жылдын 1-майына чейин тапшырууга милдеттүү болгондор:
- жеке ишкерлер;
- патенттин негизинде же өзгөчө режимдеги соода аймагында иш жүргүзгөн жеке жактар;
- чет мамлекеттин аймагында турган эл аралык уюмда, дипломатиялык жана консулдук мекемеде иштеген КРнын жараны;
- салык салынуучу киреше алган жана киреше салыгы боюнча милдеттенмеси бар жеке жак.
Салык декларациясын тапшыруудан кимдер бошотулган?
Буга чейин жеке жактарды жалпы декларациялоо жокко чыгарылган. Ага ылайык:
- окутуучулук, дарылоо-ден соолукту чыңдоо, илимий-изилдөө жана чыгармачылык менен алектенген кызматкерлер;
- жеке жана мамлекеттик катышуу үлүшү бар уюмдардын кызматкерлери;
- пенсионерлер, студенттер жана башка категориядагы жарандар декларацияны тапшырууга милдеттүү эмес.
Бирок, декларацияны тапшыруудан бошотулган жеке жактар ыктыярдуу негизде, анын ичинде социалдык жана мүлктүк чыгымдардын эсебинен, ошондой эле мамлекеттик эмес пенсиялык фондго чегерүүлөрдүн эсебинен кармалган киреше салыгы боюнча ордун толтурууну каалагандар бирдиктүү салык декларациясын тапшыра алышат
Салык декларациясын кантип тапшыруу керек?
Бирдиктүү салык декларациясын электрондук түрдө салык төлөөчүнүн жеке кабинетинен тапшырууга болот.
Декларацияда эмнелер көрсөтүлүшү керек:
- кирешелер, чыгымдар жана экономикалык иштер;
- мүлк объектилери жана отчеттук мезгил үчүн төлөнгөн салыктар;
- отчеттук мезгил ичинде «Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө» мыйзамынын негизинде мыйзамдаштырылган активдер.
Толук маалыматты аймактык салык органдарынан, 116 номери аркылуу же Салык кызматынын www.sti.gov.kg расмий сайтынан алууга болот.